Главная Пресса борбору Жанылыктар «WORLDFOODUZBEKISTAN 2008» ЭЛ АРАЛЫК КӨРГӨЗМӨСҮ

«WORLDFOODUZBEKISTAN 2008» ЭЛ АРАЛЫК КӨРГӨЗМӨСҮ

«WORLDFOODUZBEKISTAN 2008» ЭЛ АРАЛЫК КӨРГӨЗМӨСҮ

25–27-мартта Ташкент шаарында «WorldFoodUzbekistan 2008» эл аралык көргөзмөсү болуп өттү, анда көптөгөн өзбек көмпаниялары жана чет өлкөлүк компаниялар өзүлөрүнүн продукцияларын көрсөтүштү.

Алардын катарында биздин «Артезиан» компаниясы да бар, ал бул көргөзмөгө экинчи жолу өзүнүн продукциясын – газдалган жана газдалбаган «Артезиан» табигый ашкана суусун, «Тан», «Тан шибит менен», «Тан талкан менен» сүт-кычкыл азыктарын, «АкДан» сүт-дан суусундугун жана «Аршан» дан суусундугун алып барды. Өзбек эли үчүн бул суусундуктар салттуу эмес, ошондуктан алар келгендердин өзгөчө кызыгуусун туудурду. 

Эгер Бишкекте көчөдө жүргөн киши суусаса, анда ал «Тан» жана «Аршан» деген жазуусу бар тыпыйган жыгач челектерге барат да, жакшы көргөн суусундугунан бир же эки стаканды ыракаттана ичип алып, анан жолун улантат. Ал эми абанын температурасы  бизден кыйла жогору болгон Өзбекстанда адамдар газдалган таттуу сууну же пластик бөтөлкөдөгү сууну ичишет. Ошондуктан биздин компаниянын өкүлдөрү дегустация жүргүзүп жатканда көргөзмөгө келгендерге биздин суусундуктардын даамы абдан жакты жана өзүлөрүндө мындай суусундуктардын жок экендигине нааразы болушту. Биздин стендге келгендер негизинен суусундуктардын өзгөчө даамын, аш болумдуулугун, нукуралыгын, сергитүүчү касиетин белгилешти! Ошондой эле «Артезиан» компаниясына мындан аркы гүлдөп өнүгүүнү, бакыбаттуулукту жана ийгиликтепрди каалашты!  

WorldFoodUzbekistan-2008 фото 1 WorldFoodUzbekistan-2008 фото 3 WorldFoodUzbekistan-2008 фото 2