Главная Сут азыктары Бышырылган сут

Бышырылган сут

«Молоко» эки эсе даамдуу... Сүт натыйжалуулугу боюнча «жашоо эликсири» наамына атаандаша алат. Бардык сүт азыктарынын ичинен дымыктырылган сүт (топлёное молоко) баарынан көбүрөөк пайдалуу.

Ынак сүт иче албаган адамдарга дарыгерлер дымыктырылган сүттү ичүүнү сунушташат. Сүт-кычкыл азыктары ичтейине жакпагандар кефирди жана простоквашаны  ордуна дымыктырылган сүттү ичишет. Атүгүл жаңы саалган сүттүн даамын жактырбагандар да дымыктырылган сүттөн баш тарта алышпайт. Анткени дымыктырылган сүт бардык пайдалуу заттарын жана дарылык касиеттерин жакшы сактап калат. Илгери сүттү акырындык менен жана узакка чейин орус мешинде агыш кызгылт күрөң тартып, мүнөздүү түскө жана жумшак назик даамга ээ болгонго чейин дымыктырышкан.

Азыркы учурда дымыктырылган сүт өнөр жайлык масштабда төмөнкүдөй технология боюнча өндүрүлөт: чийки затты пастерлейт, андан кийин жабык идиштерде 90-95°С температурада үзгүтүксүз аралаштыруу менен дымыктырат. Процесс бир нече саатка созулат, андан кийин продуктуну 40°С температурага чейин суутуп, муздатуучу жиберилет жана идиштерге куюлат. Мындай жол менен даярдалган дымыктырылган сүт бышкан же жаңы саалган сүткө караганда көпкө чейин ирибейт, эң жакшы сакталат. Дымыктырылган сүттү бышырбай, жылытып ичүүгө жана рецептер боюнча ар кандай токоч азыктарды жана кремдерди, соустарды даярдоодо колдонууга болот.

 

«Артезиан» компаниясы Кыргызстандагы дымыктырылган сүттү айнек бөтөлкө куюп сатуучу жалгыз ишкана болуп саналат. Бул нукура жана пайдалуу азык – заводдун сыймыгы.

Завод бул жерде күкүм сүт колдонулбагандыгы менен дайыма сыймыктанат. Жогорку технологиялуу линияларда консерванттар да, жөнгө салгычтар да пайдаланылбайт. Лабораториялык олуттуу контроль бардык пайдалуу заттары аяр сакталган, даамы менен тамшандырып келаткан дымыктырылган накта сүттүн сапатынын жогорку стандартын  дайыма көзөмөлдөп турат.

 

Курамы

Дымыктырылган сүт толук кандуу, амин кислоталык курамы боюнча теңдемделген белок, каныккан жана каныкпаган майлар, углеводдор, органикалык кислоталар, витамин РР, С, D, Н витаминдерин, тиамин, рибофлавин, пиридоксин, цианокобаламин, холин, фолиев кислотасы, макроэлементтер (магний, кальций, натрий, фосфор, калий, күкүрт, хлор) и микроэлементтерди өзүнө камтыйт.

 

Дымыктырылган сүттүн пайдалуу касиеттери

Дымыктырылган сүттө узук мезгил ысытуунун жана жарым-жартылай буулануунун натыйжасында А витамини, темир, кальций бир нече эсе көп болот, бул ушул биологиялык активдүү заттарга өзгөчө муктаж болгон балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн аны өзгөчө пайдалуу кылат. Кальций жана Д витамини тишти, сөөктөрдү жана тырмактарды бекемдөөчү итийге каршы алдын алуучу каражат болуп саналат. Ал эми дымыктырылган сүттөгү фосфор жана А витамини борбордук нерв системасынын жана көрүүнүн нормалдуу өнүгүүсү жана калыптануусу үчүн зарыл. С жана Е антиоксиданттык витаминдери иммун системасынын ишин активдештирет жана гормондук фонду нормалдаштырат.

«Артезиан» компаниясынын дымыктырылган сүтүнүн даамы аны кайра-кайра алгыңды келтирет. Ал орус мешинде дымыктырылгандай, таттуу, коюу жана жумшак. Ага “даам татуу” жана “ыракат алуу” деген сөздөр куп жарашат, аны жөнөкөй деп айта албайсың, ал эң мыкты.

 

Дымыктырылган сүт (дымыктырылып бышырылган сүт) – агыш кызгылт күрөң тарткан азык, ал ынак сүттү кайнаганга чейин жеткирип, анан жылчыксыз жабылган идиште жогорку туруктуу температурада дымыктыруу жолу менен алынат. Дымыктырылган сүткө окшогон азыкты Орусия менен КМШ өлкөлөрүнөн башка дүйнөнүн бир да жеринен таппайсың. Илгери-илгери дыйкандар уйдун сүтүн чопо идишке куюп, от жагылган мешке коюп, бир сутка дымыктырышчу экен. Мындай процесстин натыйжасында сүттүн үстүндө калың каймак катмары пайда болуп, ал эми сүттүн өзү назик агыш кызгылт күрөң тартып, укмуштай жагымдуу жеткилең даамга жана жытка ээ болот. 

Дымыктырылган  сүт – үйдүн тааныш даамы!