"Родник" суусу

Булак — ичилүүчү суунун булагы эле эмес,

бул – бизди өткөндөгүбүз жана келечегибиз

 менен  байланыштырып турган жандуу жип
(Элдик накыл кеп)

“Родник” ичилүүчү табигый ашкана суусу жер түпкүрүндө – 120 м тереңдикте купуя жаралат. Чопо менен кумдун калың катмары суу пайда болуучу горизонтту сырткы таасирлерден жана жогорку горизонттордон суунун агып келишинен коргоп турат. Табигый ашкана суусу пайда болуучу жаратылыш шарттарынын уникалдуулугу табияттын энергиясына каныккан, эле суусунду чын эле кандырууга жөндөмдүү “Родник” табигый ашкана суусунун өзгөчө баалуулугун аныктайт, анткени анда биздин өмүрдү сактоочу жана узартуучу байкалбаган жашоо күчү бар.

Скважинадан бөтөлкөгө чейин 10 мүнөт! Демек бул “Родник” ичилүүчү табигый ашкана суусу пайдалуу табигый касиеттерин сактайт дегендик. Биз сууну алып жаткан скважина "Артезиан" ЖЧКнын аймагында жайгашкан. Суу скважинадан түптүз эле цехке келет, ал жерден аярлык менен тазаланып, бөтөлкөлөргө куюлат. Табигый ашкана суусунун минералдык курамы 6 айдан бери туруктуу бойдон калууда – муну биз күн сайын алып жаткан сынамыкты текшерүүнүн натыйжасы тастыктап турат. Түпкүр бул мүрөктөй таза суунун жаралуу сырын камкордук менен катып турат, а биз болсо тазалоонун технологиясын катуу сактайбыз, бул анын бардык пайдалуу касиеттерин сактоого мүмкүндүк берет. Өндүрүү автоматташтырылган заманбап жабдууда жүзөгө ашырылат, бул дагы кынтыксыз сапатты жана ар бир керектөөчүгө жетимдүү бааны камсыз кылат.

Биз табыгый продуктунун нукуралыгын баса белгилөө максатында бөтөлкөнүн шөкөтү үчүн минималисттик стилди тандап алдык. “Родник” чаңкоону эң сонун кандырат, ошону менен эле бирге керектөөчүнүн ал-абалын жакшыртытат, жигердүүлүгүн жогорулатат, жашоосун сергектентип, жаңы жеңиштерге жана ийгиликтерге жетүү үчүн күч-кубат берет.

.

 

Суунун минералдашуусу жана иондуук курамы

Минералдашуусу

Негизги иондук курамы (мг/дм3)

 

Аниондор

Катиондор

г/дм3

HCO3 –

SO4 –

Cl -

Ca ++

Mg ++

(Na + K)

0,2 - 0,3

128

26

9

40

7

11