Главная Компания тууралууКайрымдуулук

Кайрымдуулук

Калктын эң алсыз жана коргоого муктаж болгон бөлүгү – бул балдар. Аларды алды жакта эмне күтүп турганы көп учурда алардын ата-энелерине байланыштуу. Өзүңөрдүн бала болгонуңар эсиңердеби? Биздин эң кичинекей чагыбыздан баштап ата-энебиз биз жөнүндө бардыгын эстеп жүрүшөт– биринчи сөзү, биринчи кадамы..., биз өзүбүздү кийинчерээк эстеп калабыз – биринчи класс, биринчи мугалим, университет, биринчи сүйүү... Буларды биз өмүр бою эстеп жүрөбүз, ушул бардык мезгилде, ушул бардык учурларда биз ата-энебиз менен бирге жүргөнбүз, өмүр бою алар биздин тирегибиз жана таянычыбыз болгон.

Бирок турмушта ата-эне деген жок, башкалар менен, өзүңө окшогон балдар менен балдар үйүндө чоңоёсуң... бул жерде сен жөнүндө өз үйүң, өз атаң, өз энең бар болуп, сага алар кам көргөндөй кам көрүшпөйт, бул жердеги жашоо такыр башка, бул жерде баары бирдей жана сенин алдыңда кандай жашоо күтүп турат – өзүңө гана байланыштуу! Тилекке каршы, биздин республикада мындай балдар өтө көп. Аларды эмне күтүп турат? Кыйын учурларда аларга жардам берүүгө ким кол сунат?

Республикабызда жетим балдарды кээда гана эстешет, өкмөт бөлгөн каражат балдардын тамагына эле араң жетет, кийим менен бут кийимди, оюнчук, китеп ж. б.  нерселер тууралуу айтпай эле коёлу. Балким силерге «ARTEZIAN» минералдуу суусунун жана «ТАН» сүт кычкыл дан суусундугунун бөтөлкөсүндөгү «0.5 сом жетим балдарга жардам берүүгө жумшалат» деген жазуусу бар кызыл сызык сиздерге тааныштыр.

“Артезиан” компаниясынан кайрымдуулук акциясы

«ARTEZIAN» компаниясынын акциясы бир жылдан ашык мезгилден бери уланып келе жатат. Ушул мезгилдин ичинде Кыргызстандагы 14 балдар үйүнө жана адистешкен мекемелерге жардам көрсөтүлдү. Жардам негизинен кийим, бут кийим, кеңсе буюм-тайымдары, кир жуугуч каражаттар жана азык-түлүк түрүндө көрсөтүлөт.

Сиздердин алдыңыздарда бир жыл ичинде «ARTEZIAN» компаниясынан жардам алган балдар үйлөрүнүн тизмеси:

  1. Красная Речкадагы жатак мектеп  (Красная Речка айылы).
  2. Беловодский жатак мектеби (Беловодский айылы).
  3. Бишкек наристелер үйү (Бишкек).
  4. Кант «Үмүт» адаптация борбору (Кант ш.).
  5. Чүй балдар үйү (Чүй кыш.).
  6. Ак-Суу жетимдер үйү (Теплоключенка айылы, Каракол).
  7. «Мээримдүү үй-бүлө» балдар үйү (Семеновка айылы, Чолпон-Ата).
  8. Кадамжай үй-жатак мектеби (Баткен р-ну).
  9. Баткен балдар үйү (Баткен р-ну).
  10. Нарын балдар үйү (Нарын ш.).
  11. Майыптар үйү (Бишкек ш.).
  12. Панфилов балдар үйү.
  13. Республикалык психикалык ден соолук борбору (50 киши, Бишкек ш.).
  14. «Балдардын досу» приют үйү  (22 киши, Сокулук айылы).
  15. Кочкор жатак-мектеби (К. Акназаров атн.), 55 тоголок жетим + Кочкор району боюнча 77 тоголок жетим – бардыгы 132 киши.
  16. Улуттук олимпиялык комитет, майып балдар арасында футболдук матч. Катышкандардын саны – 500 бала.
  17. №2 бала бакчанын базасындагы Аламүдүн үй-бүлөнү социалдык коргоо борбору – 85 бала.
  18. Беловодский балдар үйү – 85 бала.
  19. Беловодский балдар үйүнө жардам – 65 бала.
  20. Красная Речка үй-жатак мектебине жардам – 160 бала.
  21. Ош балдар үйү – 96 бала.
  22. Жалал-Абад балдардын психоневрологиялык үй-жатак мектеби – 113 бала.

Бул 2000ден ашык жетим балдар!

Ар бир ай сайын жардам алган балдар үйүнүн саны көбөйүүдө, себеби «ARTEZIAN» минералдуу суусунун жана «ТАН» сүт кычкыл дан суусундугунун бөтөлкөсүндөгү кызыл сызыктын аркасы менен ар бир кыргызстандык кайрымдуулук акциясынын катышуучусу болууда.

Биз менен Сизден талап кылынган нерсе – күн тартибинде турган ушул өтө маанилүү маселеге көңүл буруу жана бул кайрымдуулук ишине салым кошуу, бул иштин натыйжасы жөнүндө сиздерге жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарыялап турабыз. Жарыяланган ар бир макала – бул «ARTEZIAN» компаниясынын өзүнүн продукциясын сатып алуу менен акциянын катышуучусу болуп калган адамдардын алдында берген отчёту болуп саналат. Балдар – бул келечек, биз аны жакшы кыла алабыз жана кылууга тийишпиз. Келгиле, баарыбыз балдарга жардам берели, алар биздин өлкөбүздүн келечеги, эртең эле биздин бүгүнкүбүзгө айланат. Биз баарыбыз бирге биздин камкордугубузга, көңүл буруубузга жана кайрымдуулугубузга муктаж болгон жетим балдар үчүн чынында да маанилүү иш жасадык.   

 

Акцияга кошулсаңар, балдардын жүзүндө бактылуу жылмаюулар көбүрөөк болот!