Главная Пайдалуулук

АРТЕЗИАН КОМПАНИЯСЫНЫН КЫЧКЫЛ СҮТ АЗЫКТАРЫН ПАЙДАЛАНУУГА 10 СЕБЕП

1. Тамак сиңирүүнү жана ичегилердин микрофлорасын турукташтырат. 

Нормализация пищеварения и микрофлоры кишечника

Организмдеги клеткалар кан аркылуу жеткирилген ферменттер менен азыктанат. Бул процессте адамдын ичегисиндеги пайдалуу микрофлоранын ролу чоң. Адамдын жашы улгайган сайын пайдалуу бактериялар азая баштайт, мындан улам организмдеги клеткалардын фермент менен азыктануусу начарлайт. Табигый процесстерден тышкары алкоголдук ичимдик колдонуу, тамеки чегүү, сапатсыз дары-дармек ичүүдөн абал андан бетер оорлойт. Мунун баары өз кезегинде пайдалуу бактерияларды өлтүрөт. Ичегилерди баштапкы оптималдуу абалына кайтарып, анын иштешин турукташтырууга «Артезиан» компаниясынын кычкыл сүт азыктары жардам бере алат. Кычкыл сүт азыктарын үзгүлтүксүз колдонуу организм үчүн зарыл болгон пайдалуу бактериялардын балансын ордуна келтирет.

Сүт кычкылы жана түрдүү антибактериалдык заттар жоон ичегидеги ооруулуу жана ичеги үчүн бөтөн болгон бактериялар жоголушун шарттайт. Мындан улам мол шилекей иштелип чыгат, ашказан сөөгүнүн секрециясын жакшыртат, анын жыйынтыгында тамак сиңирүү оптималдашат да, ичеги-карын, ашказандагы ооруу кубулуштары жоголот. Тан жана Тамшан кычкыл сүт азыктары дисбактериоз, жоон ичегинин сезгениши, өнөкөт гастрит, панкреатит, холецистит, дуоденит, ошондой эле тамак сиңирүүдөгү сезгенүү абалында сунушталат жана дарылануучу-диеталык тамактанууда кеңири колдонулат.

2. Иммунитетти чыңдайт жана организмдин тонусун жогорулатат.

Укрепление иммунитета и повышение тонуса организма

«Артезиандын» суусундуктары көп функциялуу болгондуктан, жүрөк – кан-тамыр жана тамак сиңирүү системаларына комплекстүү таасир тийгизет. Бул суусундуктарды үзгүлтүксүз колдонуу менен организмге профилактикалык жалпы кубаттандыруучу жардам көрсөтүүгө болот. Эң негизгиси иммундук система тынымсыз азыктанууну талап кылат. Күчтүү иммунитет - бекем ден-соолуктун кепилдиги.

Биз чыгарган кычкыл сүт азыктарын колдонуу менен организмди стресстен коргой аласыз, булчуңдардын талуусун токтотуп, жалпы эле организмдин сергек болушуна өбөлгө түзө аласыз. Биздин суусундуктардын курамында ишке жөндөмдүүлүктү жогорулатуучу, оор жумуштан жана оорудан кийин бат калыбына  келүүгө жардам берчү аминокислоталар бар.

3. Холестериндин деңгээлин түшүрүүгө жардам берет.

Способствование снижению уровня холестерина

Кант диабети менен ооругандар үчүн мүнөздөп тамактануу маанилүү. Бул өз кезегинде углевод алмашууну жөнгө салып, ансыз да жабыркаган уйку безинин иштөөсүнө жардам берет. Тан жана Тамшан кычкыл сүт азыктары мүнөздөп тамактанууда негизги позициясын бекемдешти. Курамында майдын төмөн болушу жана патогендүү микрофлора менен күрөшүүчү функциясынын күчтөнүшү кандагы холестериндин азаюусун шарттайт. Суусундуктун курамындагы сүт кислотасы жана С витамини холестерин былжырларын ээритип, клеткаларда ашыкча майдын топтолушун азайтат. Тан жана Тамшан – кандагы канттын өлчөмүн табигый жол менен азайтуучу натуралдык азык.

Маанилүү маалымат! Оорууңуздун тарыхы, анализ жыйынтыктары жана башка маанилүү факторлорго байланыштуу аталган суусундуктарды колдонууда актуалдуу сунуш алуу үчүн дарыгериңиз менен сөзсүз түрдө кеңешиңиз.

4. Организмдеги зат алмашуу жакшырат.

Улучшение обмена веществ в организме

Организмдеги бардык клеткалар толук кандуу иштөө үчүн күн сайын белгилүү бир өлчөмдө азыкты талап кылат. Адам баласы өзүнүн билими, мүмкүнчүлүгү жана жалкоолугуна жараша аны колдон келишинче керектүү нерселер менен камсыздоого аракет кылат. Бирок көпчүлүк учурда организмге келген заттардын басымдуу бөлүгү пайдалуу гана болбостон, өтө зыяндуу да болуп калат. Алардын арасында нитраттар, пестициддер, кант, каныккан майлар жана башкалар бар. Ошол эле учурда белоктор, аминокислоталар, минералдар, витаминдер сыяктуу эң керектүү азыктандыруучу заттардын дефицити ачык байкалат. Мунун натыйжасында адамдын организминдеги зат алмашуу процесси бузулуп, ашыкча салмак пайда болот жана өнөкөт оорулар өнүгө баштайт.

«Артезиан» компаниясынын кычкыл сүт азыктарынын курамы жогорку активдүүлүктөгү биохимиялык табигый микроорганизмдерге бай уникалдуу комбинацияга ээ. Бул өз кезегинде зат алмашуу процессинин сапаттуу болушуна, шлактарды, токсиндердин жана башка керексиз метоболизм заттарын чыгарууга өбөлгө түзөт. Суу-туз балансы калыбына келе баштайт, жалпы эле организм тазаланат.

5. Похмель синдромун жеңилдетет.

Снятие похмельного синдрома

Кычкыл сүт азыктарын колдонуу алкоголдук ууланууга кабылууну азайтат, похмель синдромун жеңилдетет, тамактан уулануу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт, ошондой эле көңүл айнып кускан учурда жакшы таасир берет. Алкоголдук ичимдиктерди ашыкча колдонуу бир катар химиялык реакцияларды жаратат. Мисалы, боордо ал уксус альдегидине айланат. Бул органикалык уу болуп саналат. Кан менен айланып, бул уу боордун клеткаларын, кан-тамырларды, борбордук мээ жана жүрөк-кан тамырларын жабыркатат.

Тан жана Тамшан кычкыл сүт суусундуктурынын пайдалуулугу алардын курамындагы пайдалуу бактерияларга жана микроорганизмдерге байланыштуу. Алардын таасири менен организмдеги зат алмашуу процесси да, анын суюктукка болгон муктаждыгы ордуна келет, суу-туз балансы калыптанат. Алкоголдогу зыяндуу заттардын сыртка чыгуусу активдешет, уулуу заттардын терс таасири азаят да, организм похмель абалынан бат чыгат. Кычкыл сүт бактериялары ичегинин микрофлора балансын нормалдаштырат. Ошол эле учурда иммундук реакция башталып, боордун жүгү жеңилдейт. Сүт кислотасы ашказан согунун бөлүнүп чыгышын жакшыртат, мындан улам ашказандагы болгон заттар батыраак сиңе баштайт. Ичегидеги жана ашказандагы ооруу кубулуштары жоголуп, бөйрөктүн иштеши ордуна келет.

6. Жүрөк-кан тамырлары системасы бекемделет.


Укрепление сердечно-сосудистой системы

Жүрөк-кан тамыр системасы бекем болсун дегендер үчүн кычкыл сүт азыктарын үзгүлтүксүз колдонуу сунушталат. Эгер бул органдарда оорууңуз буга чейин эле бар болсо, анда сөзсүз түрдө рационуңузду калыптандыруу керек. Анткени жүрөк булчуңдары жана бүтүндөй система зарыл болгон төмөндөгү азыктар менен камсыз болушу дал ушундан көз каранды:

 

  • Кальций. Жүрөктүн эффективдүү кагышы үчүн маанилүү электролит болуп саналат.
  • Белоктор. Жеңил сиңимдүү формада күн сайын күнүмдүк талап кылынган норма зарыл.
  • Углеводдор. Жүрөк булчуңдары үчүн энергиянын булагы.
  • Витаминдер. Бардык топтогу витаминдер маанилүү, айрыкча С тобундагы. Анткени ал жүрөк булчуңдарындагы алмашуу процесстеринде алмашылгыс.

Бул компоненттердин баары «Артезиан» компаниясынын кычкыл сүт азыктарында бар. Мунун өзү аталган азыктарды дарылануучу-диеталык, профилактикалык, күнүмдүк жашоодо зарыл пайдалуу, жүрөк-кан тамыр системасындагы оорууларды дарылоо учурунда колдонулуучу эң зарыл азык экендигин билдирет.

7. Ашыкча салмактан арылууда жардам берет.

Способствование снижению веса

Учурда көп сандаган адамдар ашыкча салмактан жабыркап келишет. Организмдеги ашыкча майлардан арылуунун бир жолу «Артезиан» маркасынын кычкыл сүт азыктарын колдонуу болуп саналат. Алардын оң таасирлери төмөнкү бир нече себептерин айтууга болот:

  1. Аз калориялуу. Организмди ашыкча калория менен азыктандырат, чаңкоону, ачкалыкты кандырууга болот.
  2. Зат алмашууну калыптандыруу. Адатта зат алмашуу процессинин бузулушу организмде майдын чогулушуна алып келет. Тан жана Тамшан кычкыл сүт азыктары өзүнүн уникалдуу пайдалуу микроорганизмдер комбинациясы менен зат алмашууну нормалдаштырып, ашыкча шлак жана токсиндердин сыртка чыгарууга жардам берет.
  3. Ичегидеги дени сак микрофлораны калыбына келтирүү. Бул өз кезегинде тамак сиңирүүнү жакшыртууга, майларды эритүүгө алып келет жана алардын чогулушуна тоскоол болот. Мындай пайдалуу сапаттардын болушу Тан жана Тамшан кычкыл сүт азыктарын спорт, ден-соолукту чыңдоо жана диеталык тамактанууда пайдаланылуучу тамактын тизмесине кошту.

8. Фитнес жана спорт менен машыккандарга сунушталат. 

Рекомендовано для занимающихся спортом и фитнесомЭгер сиз спорт, фитнес менен үзгүлтүксүз машыксаңыз же тез-тез физикалык көнүгүүлөрдү жасасаңыз, анда кычкыл сүт азыктарын колдонуу сиз үчүн норма болуусу шарт. Суусундуктун баалуулугу анын аминокислоталарга, белок жана углеводдорго бай болгондугунда. Булардын баары спорт жана ден-соолукту чыңдоо үчүн атайын тамактанууда өтө маанилүү. Составындагы кальций сөөк структурасындагы негизги материал, ошондой эле булчуңдардын туура иштөөсү үчүн да өтө зарыл. Машыгуу учурунда энергия сарптап, бүтүндөй организмди аракеттендирүү менен бирге кайра бат калыбына келүүсүнө да мүмкүнчүлүк берүү өтө маанилүү. Анүчүн тамактан жана суусундуктардан жетиштүү өлчөмдө белок, углеводду алуу керек. Бул максатты «Артезиан» компаниясынын кычкыл сүт азыктары аткара алат. Тан жана Тамшан кычкыл сүт азыктары булчуңдардын өсүүсүнө өбөлгө түзөт, жаракат алганда бат калыбына келүүгө жардам берет, жүрөк-кан тамыр системасын бекемдейт, дем алуу борборун акиивдештирет, майларды аш кылууга тездетет жана алардын көйгөйлүү зоналарда чогулуп калышына тоскоол болот. Муну менен бирге суусундуктар жагымдуу даамга ээ, бөтөлкөсү колдо көтөрүп жүрүүгө ыңгайлуу жасалган. Мындай артыкчылыктар чогулуп келип, аталган суусундуктарды спорт, фитнес менен машыккандар арасында көп талап кылынган азыкка айлантат.

9. Режими сакталбаган тамактанууда алмаштырылгыс азык. 

Незаменимый вариант при нерегулярном питанииЗаманбап жашообуздагы чоң шаарлардагы акыл алган жашоо ритми баарына жетишип, эч нерсени унутпаш керек учурда адам баласын тынымсыз стрессте, бир нерселерге алаксуу менен жүрүүгө мажбурлайт. Мындайда эң оболу убагында тамактануу курмандыкка чалынат. Канчалык пайдалуу-зыяндуу экенин эч ойлонбой туруп, эмнени, качан кантип жеп жаткандыгын да унутушат. Эң башкысы даамдуу болсо болгону. Тамактанууга болгон мындай мамиле организмге, жалпы эле ден-соолук үчүн анчалык жакшы эмес натыйжа бериши мүмкүн. Эгерде өзүн жаман сезүүнүн симптомдору байкалбай жатса, бул ооруунун чогулуп жаткан жок деп айта албайбыз. Көпчүлүк ооруулар  узун убакыт бою майда-барат белги берип гана тим болуп, билинбей жүрө бериши мүмкүн. Албетте, мындай абалга анчалык маани бербейбиз, мунун натыйжасында гастрит, панкреатит сыяктуу дагы башка ооруулар пайда болот. Мындай оорулардын алдын алуу үчүн бир аз ач калууну сезген учурда, Тан жана Тамшан кычкыл сүт азыктарын ичүүнү адатка айлантыңыз. Бул өз кезегинде организмди тоюндурат, ашказанды коргойт, жалпы пайда берет. Бирок нормалдуу толук кандуу тамактануу болбосо, бул адат жетишсиз болот.

10. Чаңкоону кандыруу, организмди кубаттандыруу. 

Утоление жажды и тонизирование организмаДарыгерлердин сунушуна таянсак, адам баласы күнүнө 1,5-2 л суу ичүүсү керек. Эгерде бул норманы лимонад, газдалган суусундук же башка ушул сыяктуу суюктуктар менен толтурчу болсок, булар менен чаңкоону кандырууга мүмкүн эмес экенин байкайбыз. Тескерисинче, чаңкоо күчөйт. Мунун негизги себеби мындай суусундуктардын курамында канттын өлчөмү, анын ичинде жасалма таттуу татымалдар өтө жогору болот, адамдын шилекейи мындай татымалдарды ооз көңдөйүнөн толук тазалай албайт. Ошондуктан, эгерде чындап чаңкоону кандырууга кааласаңыз, анда «Артезиан» компаниясы бай ассортименттеги таза, боёксуз, таттуу эмес суу же кычкыл сүт азыктарын сунуштайт. Мындай суусундуктар  чаңкоону сонун кандырат жана организмди жакшы кубаттандырат.