«ТАН» СҮТ-КЫЧКЫЛ СУУСУНДУГУ

Медициналык изилдөөлөр тастыктагандай «ТАН» ичеги-карын жолунун, жүрөк-кан тамыр системасынын иштешине жагымдуу таасир тийгизет. XIX кылымдын орто ченинде орус дарыгерлери кавказдыктардын узак өмүр жашоосунун сырларына кызыгып көрүшүп, кептин баары Кавказда илгертен бери эле ичип жүрүшкөн дарылык касиети бар суусундукта деген чечимге келишкен. Ал суусундук «ТАН» деп аталган. Медиктер болсо «ТАН» бактерициддик жана көптөгөн ичеги-карын илдеттеринен сакайтуучу касиетке ээ деген тыянакка келишкен. Бирок суусундуктун уюткусун алуу оңой болгон эмес. Тоолуктар «ТАНдын» рецебин бекем кайтарышчу жана бул сырды элдик дөөлөт деп эсептешчү. Аксакалдар жаш жигиттерге уюткуну бөтөн кишиге берсең, «ТАНдын» бардык уюткусу жарабай калат, ал эми айыл кудайдын каарына калат деп эскертип турушкан.

Уламышта бул сырга кызуу кандуу армян князын ай чырайы менен арбап алган орус сулуусу ээ болгон деп айтылат. Сулууга жаккысы келип жалбарып, ага жарым падышалыкты эмес, болгону «ТАНдын» бир нече фунт уюткусун тартуу кылган экен. Алдамчыны заматта таппай калышыптыр. Көрсө ал сулууну Кавказга тыңчы кылып орустун сүт азыктарынын чыгаруунун башчылары жиберген экен. Бул суусундук Россияда ушундайча пайда болуптур. «ТАН» – уйдун ынак сүтүнөн сүт-кычкыл бактериялар, сүт ачыткылары, суу жана туздан турган өзгөчө уюткунун жардамы менен ачытылып даярдалган сүт-кычкыл суусундук.

«ТАНды» дайыма ичүү дисбактериоздордун, колиттердин, холециститтердин, гастриттердин жана аллергиялык оорулардын алдын алат. «ТАН» эпидемиялардын учурунда жана экологиялык шарттары жагымсыз региондордо профилактикалык каражат катары колдонулат. Зат алмашууну жакшыртат, салмакты азайтат жана анда нукура антиоксиданттар болгондуктан, алкоголдон болгон баш ооруну басуучу эң мыкты каражат болуп саналат. 2004-ж. «ТАН» «Бишкек-2004» жана «Кыргызстан-2004» эл аралык көргөзмө-жармаңкелеринде 2 диплом алган. «ТАНдын» өндүрүүчүсү –бул суусундукту даярдоонун бардык сырларын билген «Артезиан» ЖЧК өндүрүштө жогорку сапаттуу жана экологиялык таза азыктарды гана колдонот, ал эми «ТАНды» даярдоо эң заманбап жабдууларда жүргүзүлөт. Мунун баары чогулуп келип, жогорку сапаттын жана бул продуктуга коюлган бардык талаптарды сактоонун шарты болуп саналат.