Максым

«Аршан» – бул алкоголсуз, экологиялык таза суусундук. Арпанын, буудайдын, жүгөрүнүн тандамал сортторунан куурулган жер жаңгак кошулуп, артезиан суусунда жасалат. Адамдын организми үчүн зарыл болгон В1, В2, С, РР витаминдерин камтыйт. Суусунду эң сонун кандырат, курсакты да тойгузат, денени чыйралтуучу жана дарылык касиетке ээ.

Моңгол тилинен которгондо «Аршан» «өлбөстүктүн суусундугу» дегенди билгизет. Уламышта 9 жашар ачка Чынгызханга өзгөчө даамдуу жана аш болумдуу суусундукту көчмөн абышка – байыркы шумерлердин урпагы берген деп айтылат. Байыркы шумерлердин бул суусундугу болочоктогу өкүмдарга ушунчалык жаккан экен, абышкадан аны даярдоонун сырын сурап билип алыптыр, атасы каза болгондон кийин, Чынгызхан чоңоюп эр жеткенче дал ушул суусундук анын үй-бүлөсүн аман сактап калган. Кийин анын армиясын мобилдүү жана чагылгандай тез жүргүч кылган, анткени анын армиясына өзү менен кошо азык-түлүк тарткан киренин болушунун зарылдыгы болгон эмес, ар бир жоокер суусундук жасоо үчүн компоненттерди өзү менен ала жүргөн. Бул Чынгызханга көптөгөн жеңиштерге жетүүгө жардам берген. Эми жеңиштин байыркы суусундугунун рецепти байыркы кол жазмалар боюнча тыкандык менен калыбына келтирилди. Биздин күндөрдө да ал өзүнүн бардык касиеттерин сактап калды!