Главная Компания тууралууКомпаниянын тарыхы

Компаниянын тарыхы

КОМПАНИЯНЫН ТАРЫХЫ

Табигый ашкана суусун жана улуттук суусундуктарды чыгаруучу «Артезиан» компаниясы 2003-жылы негизделген. Өндүрүү көлөмүн ыкчам көбөйтүү жана чыгарылуучу продукциянын ассортиментин арттыруу менен «Артезиан» компаниясы тез эле керектөөчүлөрдүн көңүлүн таба алды.  

Кыргызстандын даңкын чыгарган жумшак климаты, күн энергиясынын көптүгү, тоонун салкын абасы, ак мөңгүлүү чокулардан агып түшкөн тунук дарыялар менен өзөн суулар, өнөр жай ишканаларынын көп эместиги жогорку сапаттуу сырьё алуу үчүн идеалдуу экологиялык шарт түзөт, уйдун ынак сүтү, тандамал дан, артезиан суусу гана – «Артезиан»  компаниясы чыгарып жаткан суусундуктардын негизи мына ушулар.

«Артезиан» заводунда экологиялык таза жана сапаттуу продукция чыгарууга мүмкүндүк берүүчү эң соңку жабдуулар жана заманбап технология гана колдонулат, продукциянын сапаты ар кандай көрсөтмөлөрдө жана жармаңкелерде алган дипломдор жана медалдар менен белгиленген. Булар жөнүндө кененирээк сыйлыктар деген бөлүмдөн биле аласыздар.

 «Артезиан» нукура суусундуктар Сиздердин ден соолугуңуздар үчүн!