Каймак

Каймак – адам баласы ынак сүттөн алган эң алгачкы азыктардын бири деп эсептелет.

Каймактын майлуулугу өтө жогору болгонуна карабастан, ал кыйла пайдалуу азык болуп саналат. Даамынын өзгөчөлүгүнөн башка каймакта сүт кычкыл ачытуунун натыйжасында пайда болгон өзгөчө микрофлора бар, ал каймакты пайдалуу азыкка айландырат, айрыкча кадимки майларды жей албагандар үчүн зарыл. 

Каймак төмөнкү витаминдерге жана минералдарга бай: А, В2, В3, В12, Н, кальций, калий, фосфор, йод, молибден, кобальт.

Каймакта сөөк тканынын негизин түзгөн жана балдардын скелетинин туура калыптанышы үчүн зарыл болгон кальций өзгөчө көп. Кальций жүрөк-кан тамыр системасынын туура иштешине өбөлгө болот жана гипертония оорусуна себеп болуучу ашыкча натрийди организмден алып чыккандыктан, артериялык басымды төмөндөтөт. Ошондуктан кальцийге бай каймакты тамакка колдонуу балдар жана өспүрүмдөр, кош бойлуу аялдар жана бала эмизген энелер, ошондой эле улгайган адамдар үчүн абдан пайдалуу.   

Ал эми фосфор таяныч-кыймыл аппаратынын жана сөөк системасынын калынтануусуна катышат, бөйрөктүн жана нерв системасынын туура иштешин камсыз кылат, организмдеги алмашуу процесстерине катышат.

Йод ички секреция бездеринин, айрыкча калкан сымал бездин иштеши үчүн зарыл. Бул элемент иммун, нерв жана булчуң системаларынын ишин нормага келтирет, теринин жана чачтын абалына оң таасир тийгизет, мээнин ишин жакшыртат.

Калий биздин организмибиздеги суу-туз жана кислота-щелочь алмашууну жөнгө салат, булчуң аппаратынын ишине катышат, жүрөк булчуңдарынын ишин жакшыртат жана шишүү (отек) менен күрөшөт.  

А витамини (ретинол) баарынан мурда көрүүнүн курчтугуна жана терини соо болушуна, чачтын жана тырмактардын ажооп берет, ошондой эле биздин иммунитетти бекемдейт жана организмди инфекциядан коргойт.  

Нерв системасынын соо болушу үчүн В тобундагы витаминдердин мааниси алмашкыс.   

 В2 жана В3 витаминдеринин жетишсиздиги чарчоого, сиркеси суу көтөрбөй туталанууга, узакка созулган чүнчүүгө (депрессияга), уйкусуздукка алып келет.

Ал эми В12 витамининин жетишсиздиги тамакка көөнү чаппагандыкка адып келет, унутчаактыкты жана көңүл койбогондукту күчөтөт.

 

Каймак – даамдуу жана пайдалуу!