Главная Компания тууралууБаалуулуктар жана вазийпа

Баалуулуктар жана вазийпа

«Урматтуу керектөөчүлөр!

Эң жакынкы келечекте ден соолук жөнүндө кам көрүү башкы болуп эсептелген жана абсолюттук артыкчылыктуу деп жарыяланган керектөөнүн дүйнөлүк жаңы маданияты калыптанат деп ишенем. Биз азыр эле керектөөчүлөрдүн «ден соолук үчүн» продуктуларга кызыгууларынын улам көбөйүп бараткандыгын көрүп жатабыз. Ден  соолук жана сергектик тамак-аш продуктуларын тандоодо Сиздер үчүн аныктоочу фактор болот деп ниет кылабыз».

Урматтоо менен,
«Артезиан» ЖЧКнын директору Жапаров Ы.Т.

«Артезиан» компаниясынын вазийпасы заманбап адамдын саламаттыгы үчүн тамактануусуна жана дене бой ден соолугунун жогорку деңгээлин сактоого арналган жогорку сапаттуу нукура продуктуларды иштеп чыгуу, өндүрүү жана жылдыруу бролуп саналат.

Ден соолук – биздин байлыгыбыз. Адамдын ден соолугу кандайдыр бир даражада анын азыктык статусу менен, б. а. организмди энергия жана зарыл болгон башка бир катар азык заттар менен камсыз кылуу деңгээли менен аныкталат. Ошондуктан туура эмес жана сапатсыз тамактануу ар түрдүү оорулардын келип чыгышын шарттайт.

Бүгүнкү күндө көптөгөн оорулар организмде алмашуу процесстеринин табигый биологиялык жөнгө салуучулары болгон бир катар заттар жетишпеген учурда келип чыгары белгилүү. Ушуга байланыштуу оорулардын алдын алууга жана дарылоого болгон заманбап мамиле бул жетишпегендиктин ордун кандайдыр бир даражада толуктоого жөндөмд[i]үү нукура азыктарды рационго киргизүүнү карайт.

Айтылгандарды эске алуу жана адам ден соолугу жөнүндө кам көрүү менен «Артезиан» компаниясы тамактанууну оптималдаштырууга, көп оорулардын алдын алууга өбөлгө болуучу, кошумча дарылоочу таасир берүүчү жогорку сапаттуу натыйжалуу продуктулардын кеңири түрлөрүн сунуш кылат. Алар туура тамактануунун мисалы болуп саналат жана организмге зарыл болгон микроэлемнеттерди, ферменттерди, витаминдерди жана башка пайдалуу аттарды камтыйт.

 

Корпорациялык баалуулуктар жана артыкчылыктар

Биз керектөөчүлөрүбүздүн ден соолугуна багытталган продуктуларды иштеп чыгабыз. Продуктулардын ассортиментинин ар түрдүүлүгүнүн купуя сыры муундан муунга берилип келаткан, кылымдардын сыноосунан өткөн эң эски рецепттер болуп саналат. Азыркы учурда «Артезиан» компаниясы өзүнүн баалуктарынан тайбай, бул жогорку сапаттуу нукура продуктулардын эски рецепттери менен эң жаңы заманбап технологияны бириктире алды. Өндүрүштүн ушундай философиясынын жардамы менен биз өзүбүздүн кардарларыбыздын дени сак, чымыр жана сергек болууну каалоосун колдоп келатабыз.

Жоопкерчилик – «Artezian» компаниясынын базалык корпорациялык баалуулуктарынын бири

  • Биз өзүбүздун продукциябыз жана жүргүзүп жаткан опрецияларыбыз үчүн жоопкерчиликтүүбүз. Биз кардарларыбыздын бардык үмүттөрү менен күтүүлөрүн актагыбыз келет жана чоң да, кичине да иштерде берген убадаларыбызды аткарууга умтулабыз.
  • Биз өзүбүздүн ишмердигибиз жана ишмердик жүргүзгөн чөйрөбүз үчүн толук жооп беребиз. Компаниянын максаты бүгүн да, эртең да, келечекте да ишмердигин экологиялык, социалдык жана финансылык ишенимдүү негизде жүзөгө ашыруу болуп саналат.

Кызматташтык үчун ачыктык

Биздин ишибиз толук ачык жана айкын. Биз компаниянын ичинде да, сырткары да кызматташып жана өз ара иш-аракет жүргүзөбүз.

Artezian компаниясынын максаттары жана милдеттери

Экология, сапат, ден соолук жана коопсуздук.

  • Ден соолук үчүн коопсуз, пайдалуу жана айлана-чөйрө үчүн зыянсыз продукция иштеп чыгуу, ошол эле учурда  жаратылыш ресурстарын сактоо.
  • Өндүрүштө аварияларга жол бербөө, кырсык болчу учурлардын жана алардын мүмкүн болгон кесепеттеринин алдын алуу боюнча иштөө.
  • Өндүрүштөн чыккан зыяндуу заттардын жана калдыктарынын көлөмүн жана коркунучтуулук деңгээлин азайтуу.  
  • Компаниянын ичинде, кардарлар, товар берүүчүлөр, мамлекеттик органдар, кызыктар болгон адамдар жана уюмдар тармагынын ичинде коопсуздук, ден соолукту коргоо жана айлана-чөйрөнү сактоо менен байланышкан маселелерди ачык талкуулоону жана өз ара иш-аракетти коргоо.
  • Көңүлдү керектөөчүлөрдүн суроо талаптарын мыкты канааттандырууга топтоо.