Главная Рецепттер

Рецепттер

Ден-соолукка пайдалуу кычкыл сүт азыгы Тан суусундугун пайдалануу менен даярдалчу тамактардын бир нече оригиналдуу рецепттерин сунуш кылабыз.

Таратор

  • Таратор
  • 1 литр Тан суусундугу
  • 1 даана жаңы бадыраң
  • 3 даана кайнатылган жумуртка
  • 2-3 аш кашык өсүмдүк майы
  • 3-4 тиш сарымсак
  • Укроп (ашкөк) жана петрушка

 

Танды жакшылап чалыңыз да, ага өсүмдүк майын, майдаланган бадыраңды жана сарымсакты (каалоого жараша) кошуңуз. Жумуртканы өзүнчө идишке майда чарчы түрүндө туурап, майдаланган көк чөптөр жана кара мурч кошуп (каалоого жараша) аралаштырыңыз. Бул аралашмаларды негизги тамакты дасторконго берээрде ар бир порциясына каалаган өлчөмдө кошуп берсеңиз болот.

Классикалык таратор 

  • Таратор классический
  • 0,5 л Тан суусундугу
  • 2 аш кашык өсүмдүк майы
  • 1 даана жаңы бадыраң
  • 1 тиш сарымсак
  • 2-3 даана жаңгак
  • Кара мурч
  • Укроп (ашкөк)

Чеснокту эзип, калемпирден сээп, Танды куясыз. Үстүнө өсүмдүк майын тынымсыз аралаштыруу менен кошосуз да, чарчы тууралган бадыраңды, майдаланган жаңгакты жана укропту кошосуз.

Тан менен окрошка

  • Окрошка на тане
  • 0,5 л Тан суусундугу
  • 200 гр майсыз колбаса (кайнатылган тоок же эт да болот)
  • 1-2 даана кайнатылып бышырылган картошка
  • 1-2 жаңы бадыраң
  • 3 даана кайнатылган жумуртка
  • 50-70 гр көк пияз, укроп (ашкөк)
  • 1 даана орточо түрп
  • Татымына жараша туз жана хрен

 

Ашкөк менен көк пиязды майда туурап, туз кошуп, суусу чыккыдай жакшылап аралаштырасыз. Андан соң чарчы тууралган картошка, бадыраң, колбаса жана жумуртканы кошуңуз. Колуңуздагы массага эт туурагычтан өткөрүлгөн хренди кошуп, Тан кычкыл сүт азыгын куясыз.

 

Армян окрошкасы

  • Армянская окрошка
  • 0,5 л Тан суусундугу
  • 1-2 даана жаңы бадыраң
  • 1 даана анча чоң эмес түрп
  • Укроп (ашкөк), петрушка
  • Көк пияз
  • Туз

 

Көк чөптү майдалап, чарчы тууралган бадыраң менен түрп кошосуз да, бул массага Танды куясыз. Татымына жараша туз кошуп, муздаткычка тыныктырып алыңыз. Дасторконго муздак берилет.

 

Довга

  • Довга
  • Тан – 2 л
  • Жумуртка – 2 даана
  • Күрүч – 50 гр
  • Буурчак – 70 гр
  • Көк чөп (жалбыз, кинза, райхан, ат кулак, укроп)

 

Буурчакты бир нече саат сууга чылап, андан кийин кайнатып алуу керек. Чоң сыр идишке Танды куюп, жай отко коёсуз. Кам жумурткаларды чагып, көрүнбөй калгыча, масса ирип кетпегидей бир тарапты көздөй жыгач кашык менен кайнагыча аралаштырасыз. Аралаштырууну токтотпой, үстүнө күрүчтү саласыз. 40 мүнөттөн кийин буурчакты аз-аздан кошуңуз. Андан соң акырындан көк чөптү кошуп, дагы бир аз аралаштырасыз. Өттү өчүрөөрдөн 2 мүнөт алдын даамына жараша туз кошосуз. Дасторконго ысык берилет.

 

Спас (Танав)

  • Спас (танав)
  • 1,5 л Тан суусундугу
  • 1 даана кам жумуртка
  • 50 гр күрүч
  • Көк чөп (укроп, петрушка, жалбыз, кинза, райхан, ат кулак)
  • Туз

 

Эмалданбаган идишке Танды куюп, ага жумуртканы чагып, толук эригенге чейин аралаштырасыз да, тынбай аралаштыруу менен жай отто кайнатасыз. Ага күрүчтү саласыз. Бышкандан кийин дасторконго берээрде майда тууралган көк чөп кошосуз. Бул тамакты ысык же муздак түрүндө дасторконго берсеңиз болот.

 

Танда маринаддалган шашлык

 

50-60 гр салмакта сөөктүү жана сөөксүз эт даярдап аласыз. Этти капкагы жабылган эмалданган идишке муздаткычта 5-10 саат бою маринаддоо керек. Тандаган эттин түрүнө жараша, маринаддын да бир түрүн колдонсоңуз болот.

Кой этинен шашлык 

  • Шашлык
  • 1 кг этке 50 гр Тан
  • 100 гр ак кургак шарап
  • 50 гр өсүмдүк майы
  • Лимон ширеси
  • Пияз, кызыл калемпир
  • Туз жана татымалдар: майоран,тимьян, кондар

Чочконун жана жаш малдын этинен шашлык

  • 1 кг этке 50-70 гр Тан суусундугу
  • Пияз, көк чөп
  • Туз, татымалдар, кара мурч
  • Лимон ширеси
  • Лавр жалбырагы
  • 50 гр өсүмдүк майы