Чалап

«Чалап» – бул күн сайын ичилүүчү суусундук жана майрамдык дасторкондун көркү.  Салттык сүт-кычкыл суусундук «Жайлоо» чалабы уйдун накта сүтүнөн жасалат. Бул нукура, сергитүүчү, пайдалуу суусундук чаңкоону эң сонун кандырат, организмди чыйралтат жана сергитет. Анда бифидобактериялардын болгондугунун аркасында ичегилердин микрофлорасын калыбына келтирет, иммун системасын активдештирет, тамактын сиңирилишине жана токсиндердин чыгарылышына жардам берет.

 

Алкоголдон болгон баш ооруну жазат. Кальцийдин, темирдин жана Д витамининин сиңирилишине өбөлгө болот. К жана В тобундагы витаминдерди, амин кислоталарын синтездейт. «Жайлоо» чалабын эртең менен ичегилердин микрофлорасын калыбына келтирүү үчүн, түштө жана кечинде эттен даярдалган жана майлуу тамактардан кийин тамакты жакшы сиңирүү үчүн, ал эми күн бою чаңкоону кандыруу, сергек жана жакшы маанайда жүрүү үчүн ичиңиз.