Главная Пресса борбору Жанылыктар «Умтулууну башкаруу» конференциясы

«Умтулууну башкаруу» конференциясы

«Умтулууну башкаруу» конференциясы

2014-жылдын  23-январында биздин компаниянын топ-менеджерлери «Дмитрий Чуприна жана өнөктөр» компаниясы башкаруучулар, HR-менеджерлер жана кадрлар үчүн уюштурган 6-HR конференциясына катышып келишти.

«Дмитрий Чуприна жана өнөктөр» компаниясынын эксперттери төмөнкүдөй суроолорго кубануу менен жооп беришти:

1. Умтулуу деген эмне жана аны кайдан алууга болот?

2. Умтулуунун өндүрүмдүүлүк жана кызматкердин эмгектен канааттануу алуусу менен байланышы.

3. Умтулууну кантип өлчөйт жана аны кантап башкарууга болот? 

Конференция төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берди:

- HR чөйрөсүндөгү эң алдынкы эксперттер менен жолугушуу;

- актуалдуу маселелерди талкуулоо;

- болгон маалымат, тажрыйба менен бөлүшүү;

- жөн гана оң эмоцияларды алышты!

Конференциянын катышуучуларынын топ-топ боюнча иштеринин натыйжасында умтулуунун ыкмаларынын кыйла кеңири тизмеси сунушталды:

1. Социалдык пакет (бала бакча, ипотека, медицина менен камсыз кылуу, камсыздандыруу, кызматкерлер үчүн унаа, спорт менен алектенүү үчүн шарттар, байланыш үчүн төлөө) менен камсыз кылуу.

2. Бонустук жана сыйлыктык программалар.
3. Корпорациялык иш-чаралар, тимбилдингдер.
4. Иштин ыңгайлуу режими, ийкемдүү (жекече) график.
5. Иштин жагымдуу шарттары.
6. Квалификацияны жогорулатуу, компаниянын эсебинен окутуп-үйрөтүү.
7. Мансаптык жана кесиптик өнүгүү.
8. Белгилүү жетишкендиктер үчүн грамоталар жана сыйлыктар (баалуу байгелер).
9. Чет өлкөлөргө иш сапарлар.
10. 13-айлык акы.
11. Командалык рух.
12. Жалпы максаттар жана идеялар.
13. Эмгеги үчүн сый акы (материалдык жана материалдык эмес).
14. Терс тажрыйбага кайрылбоо.
15. Айып пул санкциялар, өндүрүп алуулар.
16. Тамактануу, атайын кийим.
17. Ардак тактадагы жана корпорациялык сайттагы сүрөт.
18.Туулган кунго белектер.
19. Насаатчылык.
20. Компаниянын артыкчылыгы/бренди/бедели (имиджи).
21. Эмгек мыйзамдарын сактоо.
22. Жагымдуу психологиялык климат.
23. Кызматкердин ишин баалоонун так критерийлери.
24. Башкаруунун жөнгө салынган системасы.
25. Айлык акыны адилет төлөө.
26. Акы төлөнүүчү дем алыш күн.

27. Корпорациялык жеңилдиктер.
28. Объективдүү (таанышсыз) мамилелер.
29. Расмий тариздөө, соц. фондго компаниянын эсебинен чегерүү.
30. Жалпы маалымат талаасы.
31. Кесиптештердин жана жетекчиликтин эмгекти баалоосу жана ыраазычылыгы.
32. Туруктуулук.
33. Турак жай берүү.
34. Иштеген жылдары үчүн кошумча акы.
35. Башкарууга катышуу.
36. Өзүн көрсөтө алуу мүмкүнчүлүгү.
37. Кызмат орундарынын аталыштары.
38. Моралдык басым.
39. Мониторинг жана контроль.

Конференциянын катышуучуларынын саны бир жүзгө жетти!!! Бишкектеги  көптөгөн компаниялардын өкүлдөрү катышты, ар бир компания эчак эле өзүнүн умтулуу системасын иштеп чыккан, бирок ага башка тарабынан карап, бөлөк компаниялардын умтулуу ыкмаларын угуп, катышуучулар өз системаларынын майнаптуулугун жана практикалуулугун жаңыча баалай алышты.