Главная Пресса борбору Жанылыктар АКШда өткөн эрежесиз эр уруш боюнча чемпионатта кыргызстандык спортчуларга колдоо көрсөтүлдү

АКШда өткөн эрежесиз эр уруш боюнча чемпионатта кыргызстандык спортчуларга колдоо көрсөтүлдү

АКШда өткөн эрежесиз эр уруш боюнча чемпионатта  кыргызстандык спортчуларга колдоо көрсөтүлдү

АКШда өткөн эрежесиз эр уруш боюнча чемпионатта

кыргызстандык спортчуларга колдоо көрсөтүлдү

 

1920-октябрда Бока-Ратон (АКШ, Флорида) шаарында грэпплинг (north american grappling association) боюнча турнир өттү. Анда дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн 600дөн ашык спортчу күч сынашты.

Кыргызстандан барган спортчулар кесипкөй жана ышкыбоз спортчулар арасындагы мелдештерге катышышты. Спортчуларды башкы машыктыруучу Эмил Токтогонов даярдаган жана коштоп барды. 

Кыргызстандыктар 11 медаль утуп келишти: кимоносуз мелдеште алтын медалга Эгемберди Кубанычбек уулу, Темирбек Таласбек уулу, Хайрулла Кокиев жана Бакытбек Бекбоев ээ болушту. Экинчи орунду Бексултан Өмүрзаков ээледи. Коло медалды Актилек Жумабек уулу, Нурбек Качкынов жана Бексултан Өмүрзаков утуп алды. Бексултан эки башка категорияда курошту.

Комоно кийип мелдешүүдө кыргызстандыктар үч медалга ээ болушту: күмүш медалды Таласбек уулу Темирбек жана Хайрулла Кокиев, коло медалды Качкынов Нурбек алды.

“Артезиан” компаниясы биздин спортчуларга колдоо көрсөттү (демөөрчү болду). Биз спортчуларыбыз менен сыймыктанууга жана Кыргызстандын даңкын чыгарууга көмөк көрсөтүүгө тийишпиз.

АКШда калышкан жана грэпплинг боюнча дүйнөнүн чемпионатына даярданып жатышкан ышкыбоз спортчулар арасында биздин жеңүүчүлөр Темирбек уулу Талас (63,5 кг салмактагы) жана Нурбек Качкынов (до 67 кгга чейинки салмактагы) байгелүү орунга ээ болушат жана Кыргызстандын желегин бийик көтөрөт деп ойлойбуз жана ишенебиз.