Главная Пресса борбору Жанылыктар Майамидеги (АКШ) тамак-аш азыктарынын бүткүл дүйнөлүк 17-көргөзмөсүндө "Артезиан" компаниясынын дебюттук бет ачары ийгиликтүү өттү

Майамидеги (АКШ) тамак-аш азыктарынын бүткүл дүйнөлүк 17-көргөзмөсүндө "Артезиан" компаниясынын дебюттук бет ачары ийгиликтүү өттү

Майамидеги (АКШ) тамак-аш азыктарынын бүткүл дүйнөлүк 17-көргөзмөсүндө "Артезиан" компаниясынын дебюттук бет ачары ийгиликтүү өттү

Ушул жылдын октябрь айынын акыркы күндөрүндө кыргыздын улуттук суусундуктарын чыгаруучу "Артезиан" компаниясы Майамидеги (АКШ) тамак-аш азыктарынын жана суусундуктардын бүткүл дүйнөлүк 17-көргөзмөсүндө өзүнүн бир катар продукциясын ийгиликтүү көрөттү.

Көргөзмөгө келгендерге "Артезиан" компаниясынын төмөнкү продукциялары сунушталды: Сүт-кычкыл "ТАН" суусундугу, Сүт-кычкыл "Тамшан"  дан суусундугу жана "Аршан"  дан суусундугу.

Сунушталган продукция америкалык рынок үчүн таптакыр жаңы жана уникалдуу экендигин белгилеп коюу зарыл. Дебют ийгиликтүү өттү, ал эми көргөзмөнүн конокторуна кыргыздын улуттук суусундуктары абдан жакты.

Бүткүл дүйнөдө, анын ичинде АКШда  да таза жана нукура тамак-ашка көбүрөөк ык коюп жатышканы ачык байкалып тургандыгын эске алганда – "Артезиан" компаниясынын продукциясы бул трендге толук жооп берет, муну көптөгөн оң пикирлер да тастыкталды: америкалыктарга "Тан" жана "Аршан" суусундуктары өзгөчө жакты.

Көрсөтмө өтүп жаткан бир нече күн бою кыргыз компаниясынын стенди кызыгууну гана туудурбастан, олуттуу сунуштарды да жаратты. АКШнын эки ири дистрибьютордук компаниясы жакынкы мезгилде мүмкүн болгон кызматташуунун варианттары боюнча сүйлөшүү жүргүзүүнү сунушташты, бул биздин суусундуктарга америкалык рынокко чыгууга реалдуу мүмкүндүк берет.  

Ошондой эле индиялык компаниядан Индияда биргелешкен компания ачуу боюнча сунуш түштү, көрсө бул өлкөдө даамдык сапаттары боюнча кыргыз суусундуктарына жакын турган суусундуктар бар экен жана бул индия рыногунун кыргыз суусундуктарын кабыл алууга даяр экендигин билгизет.

Европанын, АКШнын жана Япониянын аймактарында уникалдуу сапаттагы сакайтуучу суусундуктарды өндүрүүгө жана сатууга адистешкен башка бир компания да кыргыздын улуттук суусундуктары да уникалдуу сапаттагы сакайтуучу суусундуктар экендигин белгилөө менен, бул продукцияларды компаниянын туруктуу кардарларына сунуштоого болорун  белгилөө менен продукцияга абдан кызыкандыгын көрсөттү.

"Артезиандын" продукциясына кызыккан компаниялардын географиясы да кеңири: Түркиялык компания алгачкы заказды жайгаштырууга даяр, ал эми бразилиялык суусундук жеткирүүчүлөр өз өлкөсүндө кыргыз суусундуктарын сатуу боюнча масштабдуу маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүүнү чечишти.

 

- Бул биздин АКШдагы соода жармаңесине катышуудагы биринчи тажрыйбабыз.  Көргөзмөнүн натыйжалары көптү үмүттөндүрүп жатат, чоң тажрыйбага ээ болдук, жаңы идеялар жаралды жана келечекке шыктанып турабыз. Продукцияны АКШнын рыногуна активдүү  жылдырууну пландап жатабыз. Көргөзмөнүн аркасы менен жакын арада биздин суусундуктар АКШнын эле эмес башка өлкөлөрдун да дүкөндөрүнүн текчелеринен орун алат деп ниеттенип жатабыз, –  деди "Артезиан" компаниясынын өкүлү Жаныбек Исаев. 

Көргөзмөгө катышуу Кыргызстандыктардын эл аралык Kyrgyz Club бирикмесинин аракеттеринин натыйжасында мүмкүн болгондугун, ал эми уюмдун активисттери көргөзмөгө катышу боюнча алдын ала иш жүргүзүшкөндүгүн, ошондой эле "Артезиан" компаниясынын өкүлдөрү менен бирдикте презентацияны өткөрүшкөндүктөрүн жана  компаниянын стендин даярдашкандыгын белгилей кетүү зарыл.

-  Кыргыз компаниясынын продукциясын чет өлкөдө жылдыруу – Kyrgyz Clubдын ишмердигинин маанилүү тармактарынын бири. Биз "Артезиандын" эл аралык көргөзмөгө катышуусу Кыргызстандагы башка компанияларды да чет өлкөлүк рынокторду жигердүү өздөштүрүшүнө өбөлгө болоруна ишенебиз.  Бул албетте мүмкүн жана зарыл, – деп белгиледи Kyrgyz Clubдын башчысы Айбек Хакимов.

 

Майамидеги тамак-аш азыктарынын жана суусундуктардын бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсү дүйнөдөгү тамак-аш азыктарынын жана суусундуктардын эң чоң жана артыкчылыктуу көргөзмөсү болуп саналат. Көргөзмө – кардарларды жана өнөктөштөрдү издөө үчүн эң сонун аянтча, анткени АКШдагы соода көргөзмөлөрү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бүт дүйнөнүн базарларында жылдыруунун маанилүү компоненттеринин бири болуп саналат. Себеби бул көргөзмөлөргө тамак-аш продуктулар индустриясынын бардык негизги өндүрүүчүлөрү келет. Мындай иш-чаралар – бардык кызыкдар компанияларды бир жерден жолуктуруу мүмкүнчүлүгү, ошондуктан продукцияны жылдыруу жана өнүгүү үчүн бул көргөзмөлөргө катышуу абдан маанилүү.   

Майамидеги көргөзмө жыл сайын 63 өлкөдөн тамак-аш продуктулар жана суусундуктар индустриясынын 10000ден ашык өкүлүн жыйнайт. Көргөзмөгө бизнес-сектордун тамак-аш өндүрүшү менен байланышкан ар кыл түрлөрүнүн өкүлдөрү: жетектөөчү өндүрүүчүлөр,  дистрибьюторлор, экспортоочулар, импорттоочулар, ресторандар, мейманканалар, супермаркеттер, гипермаркеттер, тармактуу дүкөндөр, ошондой эле деңиз круизи боюнча компаниялар келишет.