Главная Пресса борбору Жанылыктар «АРТЕЗИАН» КОМПАНИЯСЫ ПАНФИЛОВ ПАРКЫНДА БАЛДАРДЫ КУТТУКТАДЫ

«АРТЕЗИАН» КОМПАНИЯСЫ ПАНФИЛОВ ПАРКЫНДА БАЛДАРДЫ КУТТУКТАДЫ

«АРТЕЗИАН» КОМПАНИЯСЫ  ПАНФИЛОВ ПАРКЫНДА БАЛДАРДЫ КУТТУКТАДЫ

Эгерде бүгүн күн чайыттай ачык болсо, анда эки эсе кубанычтуу болот, анткени жайдын биринчи күнүндө көп өлкөлөрдө Эл аралык балдардын күнү белгиленет. Кыргызстандыктар үчүн бул майрам Эл аралык балдарды коргоонун күнү катары белгилүү. Эл аралык балдардын күнү – узун тарыхы бар эл аралык майрамдардын бири. Бул тууралуу чечим 1925-жылы Женевада балдардын жыргалчылыгына арналган Дүйнөлүк конференцияда кабыл алынган. Бирок эмне үчүн 1-июнь күнүн белгилөө тууралуу чечим кабыл алынганы тууралуу маалымат айтылбайт.

 

«Артезиан» компаниясы четте калбайт, Панфилов паркында Балдарды коргоо күнү менен кичинекей майрам ээлерин куттуктады! Компания өкүлдөрү байгелуу викториналар жана көңүлдүү конкурстарды уюштуруу менен балдарга сонун майрам тартуулашты. Ошондой эле балдарга алар сүйгөн «Буратино», «Томми» лимонаддарын, «Артезиан» эң таза суусун таратышты. Бул күнү балдардын жүзүндөгү шаттуу, кубанычтуу маанайды байкабай коюу мүмкүн эмес эле.