Главная Пресса борбору Жанылыктар Артезиан суусундуктарын эми Америкада ичишет

Артезиан суусундуктарын эми америкада ичишет

Артезиан суусундуктарын эми Америкада ичишет

2013-жылдын 28–29-октябрында Америкада тамак-аш продуктулары менен суусундуктардын эл аралык 17-көргөзмөсү өтөт. Аны тамак-аш тармагынын бийик адистери жылдын эң маанилүү окуясы деп тууптура белгилеп жатышат. Көргөзмөдө тамак-аш индустриясынын бренддеринин башкы жана бүткүл дүйнөгө белгилүү өндүрүүчүлөрү катышат.     

Бул жылы дүйнөнүн 63 өлкөсүнүн уюмдары улуттук экспозициялар менен катышат: Австралия, Австрия, Аргентина, Армения, Венгрия, Германия, Грекия, Дания, Ирландия, Исландия, Испания, Италия, Канада, Кытай, Латвия, Литва, Македония, Марокко, Мексика, Молдова, Парагвай, Польша, Португалия, Сербия, АКШ, Уругвай, Финляндия, Франция, Түштүк Африка, Эстония, Япония ж. б.

Эми көрсөтмөнү дагы бир өлкө толуктайт, биз сыймыктансак болот – бул өлкө Кыргызстан!

Эл аралык 17-көргөзмөдө биринчи жолу күнөстүү Кыргызстандан "Артезиан" компаниясы катышат.  Биздин ата мекендик компания улуттук суусундуктардын төмөндөгүдөй тизмегин сунуштайт:

  • "Тан" сүт-кычкыл суусундугу;
  • "Тамшан" сүт-дан суусундугу;
  • "Аршан" дан суусундугу.

Кисломолочные напитки Артезиан

Азыркы учурда "Артезиан" Кыргызстандын тамак-аш тармагындагы лидерликти колдон чыгарбай келаткан жана эң таанымал компаниялардын бири. "Артезиандын" көргөзмөгө катышуусу кыргызстандыктардын «Kyrgyz Club» эл аралык бирикмесинин колдоосу менен жүзөгө ашат. Азыркы этапта даярдоо иштерин жүргүзүүдө «Kyrgyz Club» бардык жагынан колдоо көротүп жатат.

"Артезиан" компаниясынын продукциясы бул көргөзмөгө катышууга эң туура татыктуу болду, себеби чыгарылып жаткан продукциянын сапаты АКШнын тамак-аш продуктулар рыногунун эң жогорку талаптарына жооп берет. Биздин улуттук суусундуктардын курамы гана эмес пайдалуу касиеттери боюнча да уникалдуу экендиги ата мекендик жана кыргызстандыктар өтө жакшы көргөн продукцияга кызыгуунун пайда болушунун өзгөчө фактору болуп калды. Бул суусундуктарга окшогон суусундуктар АКШда жок.

"Артезиан" компаниясынын продукциясы дан өсүмдүктөрүнүн тандамал сортторунан, таптаза артезиан суусунун негизинде даярдалга сүт-кычкыл азыктардан гана жасалат. Сырьёну кайра иштетүүдө завод органикалык өндүрүш принциптерин карманат: табигый консерванттар, кайра иштетүүнүн табигый процесстери. Мунун баары биздин ата-бабалардын рецепттери боюнча даярдалган суусундуктардын даамдык сапаттарын сактайт. "Артезиандын" нукура жана экологиялык таза суусундуктары АКШдагы көргөзмөнүн уюштуруучуларын кызыктырды, себеби ал жакта органикалык продуктуларды жогору баалап, кеңири колдонушат, себеби туура тамактануунун жактагандардын саны күн санап кыйшаюусуз өсүп баратат.

Производство кисломолочных напитков Артезиан

Компаниянын деректири Жапаров Рысбектин айтканы боюнча “бул көргөзмөгө катышуу Кыргызстандын азык-түлүк тармагынын мындан аркы өнүгүүсүндөгү маанилүү кадам болуп саналат. Биздин өлкөнү чет өлкөлөрдө татыктуу көрсөтө алуучу фирмалардын бар экендиги бизди кубандырат. Ал эми "Артезиандын" – мезгил сынагынан өткөн  компаниянын – ушундай масштабдуу көргөзмөдө биздин мекенибиз Кыргызстанды көрсөтө тургандыгына биз сыймыктанабыз”.

Биз дагы Р. Жапаровдун айткандарына кошулабыз, анткени "Артезиан" жогорку сапаттуу, биздин Кыргызстанда гана эмес атаандашууга жөндөмдүү жана эл аралык рынокто да, суроо талапка ээ болгон продукцияны чыгарып жаткандыгын кезектеги жолу дагы тастыктап жатат. "Артезиандын" суусундуктары дүйнөлүк бренддер менен бирдей баскычта тура алат  жана турууга тийиш!

"Артезиан" компаниясы мындай ийгиликке заманбап технологияларды колдонуунун жана күчтүү кесипкөй команданын талыкпаган ишинин аркасында жетишип жаткандыгын дагы бир жолу белгилеп койсо болот.

Кыргызстандык "Артезиан" компаниясына ийгилик каалайбыз!