Главная Пресса борбору Макалалар АРТЕЗИАН ПРОДУКЦИЯЛАРЫН ДАГЫ ВИТАМИНДЕР

АРТЕЗИАН ПРОДУКЦИЯЛАРЫН ДАГЫ ВИТАМИНДЕР

АРТЕЗИАН ПРОДУКЦИЯЛАРЫН ДАГЫ ВИТАМИНДЕР

«Артезиан» компаниясынын Максым, Жарма и Чалап кычкыл сүт азыктары организм үчүн өтө пайдалуу. Алардын курамында төмөнкү витаминдер бар:

А витамини

Организмдин өсүшү жана өнүгүшүн шарттайт, көздүн көрүүсүн жакшыртат, организмдин кээ бир токсиндерге, ууларга, инфекцияларга туруштук берүүсүн жогорулатат, теринин быжырлуу кабыкчаларынын жана эпителийлеринин функциясын жогорулатат.

Е витамини

Организмге көп кырдуу эффект берет. Бул витаминдин жетишсиздиги зат алмашуунун бузулушуна, нерв клеткаларынын, скелет булчуңдарынын өзгөрүшүнө жана жана башка патологиялык өзгөрүүлөргө алып келет.

В1 витамини

В1 витаминин жетишсиздиги нерв жана жүрөк-кан тамыр системасынын, ичеги-карын трактынын иштөөсүнүн бузулушуна алып келет. В1 витамини нерв, жүрөк-кан тамыр жана эндокриндик система оорууларында, тамак сиңирүү органдары, нервден келип чыккан тери оорууларында колдонулат.

В2 витамини

Көрүү органдарынын нормалдуу иштешинде, клетка жана ткандардын өсүшүндө жана калыбына келүүсүндө негизги ролду ойнойт. В2 витамининин жетишсиздигинде көздүн чел кабыгы жабыркайт, көрүү курчтугу начарлайт, ооз көңдөйүнүн жана тилдин былжыр челдеринин сезгенүүсү, бетте дерматит, баш ооруу пайда болот, аппетит төмөндөйт.

С витамини

С витамини кычкылдандыруучу-калыбына келтирүүчү процесстеринин жана зат алмашуунун регуляторунун ролун аткарат, кандын уюмдуулугу жана организмдин ар кандай инфекцияларга туруштук берүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат, тамырлардын өткөргүчтүгүн нормалдаштырып, жаралардын айыгышын тездетет, ар кандай ууланууларда антитоксикалык таасир берет.

РР витамини

Углеводдук алмашууну жакшыртат, ткандык дем алууга катышат, тамырларды кеңейтүүчү касиети бар, кандын айлануусуна оң таасир берет, боордун иштешин, антитоксикалык функциясын нормалдаштырат.