Главная Пресса борбору Макалалар Суу жөнүндө 35 факт

СУУГА БОЛГОН 35 МУКТАЖДЫК ТУУРАЛУУ

Суу жөнүндө 35 факт
  1. Суу – бул жашоо күчү. Денедеги суунун 50%ын жоготсок, жашоону уланта албайбыз.
  2. Суу - денедеги энергиянын негизги булагы жана ташуучусу. Ал дененин ар бир клеткасындагы электрондук жана магниттик энергияны жаратат жана биздин активдүү жашоо кечиришибизге мүмкүнчүлүк берет.
  3. Суу – клетка түзүмү үчүн негизги байланыштыруучу зат.
  4. ДНКны ар кандай зыян тартуудан коргойт жана залал көргөн ДНКнын калыбына келүүсүнө жардам берет.
  5. Сөөк чучугунун иммундук коргонуусунун жетишерлик деңгээлде жогорулашына көмөкчү болот, рак сыяктуу оор ооруулардын алдын алат.
  6. Бардык витаминдер жана азыктандыруучу заттар үчүн негизги эритүүчү болуп саналат. Тамакты майда бөлүкчөлөргө бөлүүдө колдонулуу менен зат алмашуу процесси учурунда организмдин тамак сиңирүүсүндө да ролу чоң.
  7. Тамакты энергия менен байытат жана тамак сиңирүү процессинде бул энергия аркылуу организмди азыктандыруучу заттар менен камсыздоого мүмкүндүк берет.
  8. Суунун жардамы менен оганизмдеги кан жана ичтеги суюктуктар аркылуу азыктандыруучу заттар бүтүндөй денебизди айланып жүрөт.
  9. Организмдеги клеткаларга кычкылтек жеткирип, уулуу газдарды алып чыгуу менен өпкөнү тазалайт.
  10. Ар кандай дене мүчөбүздөгү ашыкча зыяндуу заттарды алып, аны боор жана бөйрөк аркылуу өткөрөт.
  11. Суу – бул муундардын эң негизги бириктирүүчүсү, бири-бирине жармаштыруучусу. Ал артриттин жана бел ооруусунун алдын алууга жардам берет.
  12. Омурткалар арасындагы дисктердин ичинде «амортизациялоочу суу жаздыгы» катары кызмат кылат, бул өз кезегинде травма алуу кокустугун төмөндөтөт.
  13. Ич катуунун алдын алуучу, ичти жумшартуучу эң мыкты каражат.
  14. Жүрөк жана мээдеги артериялардын бүтөлүп калышынын алдын алат, бул болсо жүрөк пристубу жана инсультка кабылуу тобокелчилигин төмөндөтөт.
  15. Денени ысытуу жана муздатуучу системасынын иштеши үчүн өтө зарыл.
  16. Мээнин бүт функциясынын иштеши үчүн, баарынан мурда ой жүгүртүү процесси үчүн энергия жана күч берет.
  17. Мээден мелатонин баш болгон бардык гормондордун иштелип чыгышы үчүн керек.
  18. Жумуштун эффективдүүлүгүн жогорулатат, ойду концентрациялоодо мыкты жардамчы болот.
  19. Суу – эч кандай терс эффекти болбогон дүйнөдөгү эң башкы суусундук.
  20. Деппрессияны, тынчсызданууну, стрессти алууда жардам берет.
  21. Нормалдуу уйку ритмин калыбына келтирет.
  22. Чарчоону азайтып, организмдин жаштыгын узартууга өбөлгө болот.
  23. Терини жылмакайлап, картаюу белгилеринин азайтат.
  24. Көздөр жанып, жаркылдап туруусун камсыздайт.
  25. Глаукоманын (көз ооруусу) алдын алууга жардам берет.
  26. Сөөк чучугундагы кан жүрүү процесстерин калыбына келтирүү менен лейкемия жана лимфоманын пайда болушунун алдын алат.
  27. Канды суюлтат жана анын айлануу процессинде уюп калышынын алдын алат.
  28. Айыз алдындагы ооруну жана климактерикалык куюлууларды басаңдатат.
  29. Жыныс гормондорунун жаралышына өтө зарыл – анын жетишсиздиги импотенциянын (урук мүчөсүнүн шалдыгы) пайда болушуна жана либидонун (жыныстык каалоо) жоголушуна алып келиши мүмкүн.
  30. Суу – диетасыз арыктоонун ачкычы. Сууну өз убагында ичүү Сизди ашыкча тамактануудан коргойт. Чаңкоо жана ачкалык борборлору мээде жанаша жайгашкандыктан, көпчүлүк учурда биз экөөн алмаштырып алабыз: бир стакан суу ичип алуу жетиштүү болгон учурда тоё тамак жеп алабыз.
  31. Туташтыруучу ткандарда, бөйрөктө, боордо, мээде жана териде суусуздануу учурунда чогулуп калчу уулуу калдыктардан тазалайт.
  32. Боюнда бар кездеги көңүл айланууну азайтат.
  33. Акыл менен дененин функциясын синхрондоштурат, максаттар жана тилектерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.
  34. Улгаюу процессинде пайда болуучу эс-тутумду жоготуунун алдын алат. Ошондой эле Альцгеймер, Паркинсон, Лу Гериг, склероз ооруларына кабылуу тобокелчилигин азайтууга жардам берет.
  35. Суу кофеинге, алкоголго жана кээ бир дарыларга болгон көнүмүш адаттардан арылууга жардам берет.