Главная Пресса борбору Жанылыктар Соода туйундору учун жаны жылдык кече

Соода туйундору учун жаны жылдык кече

Соода туйундору учун жаны жылдык кече

 

«Артезиан» компаниясы 26-декабрда өз өнөктөрү үчүн «Дамас» ресторанында жаңы жылдык салтанаттуу кече уюштурду.

Тематикалык корпоративдик жаңы жылдык «Чыгыш жомогу» кечеси иштин жыйынтыгын чыгаруу, компаниянын жетекчилеринин куттуктоосу жана көңүлдүү майрамдоо менен эски жылды татыктуу аяктады: көркөм кооздолгон зал, кызыктуу конкурстар, татыктуу белектер жана Кыргызстандын жылдыздары келерки жылга жетерлик жакшы маанай жаратышты.

Кеченин башынан аягына чейин эстрада жылдыздары – Бакыт Байсариев, Динара Акулова, Арсен, Анжелика, «Биз» тобу, «Havana stars» тобу   Тамашоунун «Ак-Кеме» командасы меймандардын көңүлүн ачты.

Меймандар кечеде ойнолгон утуш ойнуна (лотерея) активдүү катышып, компания сунуштаган баалуу байгелер оюндун бардык жеңүүчүлөрүнүн купулуна толду.

Кече майрамдык дискотека менен аяктады.

Жаңырып келген жаңы 2014-жыл бизге жана биздин өнөктөрүбүзгө бакубатчылык жана көптөгөн жаңы жетишкендиктерди алып келет деп ишенебиз.