Главная Пресса борбору Жанылыктар «Айран» – жаңы сүт кычкыл суусундук

«Айран» – жаңы сүт кычкыл суусундук

«Айран» – жаңы сүт кычкыл суусундук

Даамдуу жана пайдалуу. «Артезиан» компаниясынын шаардын бардык соода түйүндөрүндө пайда болгон жаңы суусундугун кыскача ушундай мүнөздөөгө болот.

Суусундук "Айран жуурат" деп аталат, бул суу кошулбаган ынак сүттөн уютулган накта айран экендигин билдирет.

Ал сапаты боюнча гана эмес, курамы боюнча да өзгөчө (уникалдуу) болуп саналат.

Суусундук витаминдерге, макро- и микроэлементтерге бай: анда тиамин (В1) жана рибофлавин (В2), А, РР, С, Е витаминдери, калий, кальций, натрий, темир, магний, фосфор ж. б. бар.

Айран толук жаңы табигый жана ден соолукка демөөр суусундук, организмге пайда гана алып келет, кенедей да зыяны жок:

- суусундук курамындагы белоктордун кыйла жөнөкөй бирикмелерге ажыроосунан улам аябай сиңимдүү азык болуп саналат;

- ичегилердин жана карындын иштешине оң таасир тийгизет;

- дем алуу борборунун ишин жакшыртат, өпкөгө кычкылтектин келишин көбөйтөт;

- нерв системасын бекемдейт;

- чаңкоону эң сонун кандырат жана денени сергектендирет;

- организмдин жергиликтүү жана жалпы иммунитетин жогорулатат.

Жаңы суусундук айнек бөтөлкөлөргө куюлуп сатылат. Азык түздөн түз айнек идиште жетилет. Айнек бөтөлкөнүн артыкчылыктары:

- бөтөлкөнүн заманбап шөкөттөлгөндүгү;

- ыңгайлуу жабылуучу "Twist-off" капкагы;

- айнек бөтөлкө – экологиялык таза идиш;

- азыктын сапатын карап көрүп баалоого болот;

- табигый жана нукура даамы сакталат;

- сактоо мөөнөтү узарат.

            «Народный» маркеттеринде  калкты жаңы азык менен тааныштыруу максатында даам татуу (дегустация) жүргүзүлдү. Жаңы даамды татып көргөндөрдү баары курсант болушту, бардык пайдалуу сапаттарын сактаган, жаңы технология менен даярдалган улуттук суусундуктун рынокто пайда болгондугуна даам татуучулардын бардыгы чын ыкластан кубанышты.

 

Айран «жуурат» сергектиктин жана ден соолуктун суусундугу!