Главная Пресса борбору Жанылыктар “КЫРГЫЗСТАН-2009” ЭЛ АРАЛЫК КӨРГӨЗМӨ-ЖАРМАҢКЕСИ

“КЫРГЫЗСТАН-2009” ЭЛ АРАЛЫК КӨРГӨЗМӨ-ЖАРМАҢКЕСИ

“КЫРГЫЗСТАН-2009” ЭЛ АРАЛЫК КӨРГӨЗМӨ-ЖАРМАҢКЕСИ

 24–28-апрелде «Кыргызстан-2009» эл аралык XI көргөзмө-жармаңкеси өтүп, ага жергиликтүү жана эл аралык компаниялар катышты. Алардын ичинде «Артезиан» компаниясы да болду жана өзүнүн продукциясын – "Артезиан" табигый ашкана суусун, "Тан" сүт-кычкыл суусундугун, «АкДан» сүт-дан суусундугун жана "Аршан" дан суусундугун сунуштады. Көргөзмөдө ошондой эле компаниянын жаңы продуктулары – «Жайлоо» чалабы, «МилкиВита», «IceTan» сүт-кычкыл суусундуктары, «Сыроешкин» чечил сыры көрсөтүлдү.

Компаниянын бүткүл продукциясын көргөзмөгө келген адамдар тарабынан татыктуу бааланды, ал эми «МилкиВита» сүт-кычкыл суусундугу кесипкөй даам татуунун натыйжасында алтын медалга татыды. «МилкиВита» – уйдун ынак сүтүнөн пробиотиктери бар уюткуну колдонуу менен даярдалган сүт-кычкыл суусундук.

Пробиотиктердин аркасы менен «МилкиВита» дарылык жана алдын алуучулук касиетке ээ: Ичегилердин микрофлорасынын калыбына келишине өбөлгө болот, организмдеги алмашуу процесстерин нормага келтирет, тамак сиңирүүнү жакшыртат, иммунитетти бекемдейт, кандагы холестериндин деңгээлин азайтат. «МилкиВитада» дагы А, С, Е, РР, В витаминдери жана балык майында болуучу адамдын жашоосу үчүн негизги жана алмаштырылбай турган май кислотасын камтыган «Омега 3» атайын кошулмасы бар.

Выставка ярмарка Кыргызстан 2009 фото 1Выставка ярмарка Кыргызстан 2009 фото 2