Главная Пресса борбору Жанылыктар Бар бол, балалык!

Бар бол, балалык!

Бар бол, балалык!

Бала таттуу, бала ширин. Бактылуу баланын күлкүсүнөн баалуу эмне бар бул дүйнөдө!? Бирок, арабызда атанын камкордугунан, эненин мээриминен айрылган балдар бар болгону кандай аянычтуу... Канчалаган наристелер азыркы күнү балдар үйлөрүндө жакын адамдарынан алыс өсүп жатышат.

ОТРКнын “Келечек” студиясы жана “Балдар FM” радиосу 1-июнь Балдар коргоо күнүнүн алдында “Бар бол балалык!” акциясын уюштурушту. Бул жакшы демилгени “Артезиан” компаниясы биринчилерден колдоп, Бишкек шаарындагы Адистештирилген балдар үйүнө өз көмөктөрүн көрсөтүштү. Балдарга белекке кийимден тарта тамак-аш (күрүч, гречка, буудай акшагы, шире), памперстерге чейин алып келип, тактап айтканда жетишсиз нерселерин толукташты.

– “Биздин компания ушундай кайрымдуулук демилгелерди дайыма колдоп келет. Ушул кичинекей наристелердин бактылуу болушун, келечеги кең болушун каалап, белектерибизди алып келдик” – деди “Артезиан” компаниясынын директору Жапаров Ырысбек Турдалиевич.

Балдар көздөрүн бажырайтып, кийгизген жаңы кийимдерге сүйүнүп, конокторду тегеректеп жатышты. Балдардын көңүлү көтөрүлүп, жүздөрүнөн жылмаюларды көргөндө, тарбиячылар да сүйүнүшүп, “Артезианга” алкышын айтып ыраазычылыктарын билдиришти.  Бактылуу болгула, наристелер!  Майрамыңар менен!

Акция Да здравствует детство! - фото 1 Акция Да здравствует детство! - фото 2 Акция Да здравствует детство! - фото 3

Акция Да здравствует детство! - фото 4 Акция Да здравствует детство! - фото 5 Акция Да здравствует детство! - фото 6