Главная Пресса борбору Макалалар Аршан, АкДан, Тан, Чалап - сут-кычкыл жана дан суусундуктарын ондуруу процесси

“АРТЕЗИАНДЫН” СҮТ-КЫЧКЫЛ ЖАНА ДАН СУУСУНДУКТАРЫН ӨНДҮРҮҮ ПРОЦЕССИ

Аршан, АкДан, Тан, Чалап - сут-кычкыл жана дан суусундуктарын ондуруу процесси

“Артезиан” компаниясынын сүт-кычкыл жана дан суусундуктарын өндүрүү процесси бир катар баскычтардан турат.  Cуусундуктар чынында эле даамдуу жана пайдалуу болсун үчүн алардын ар бири маанилүү.

Ишканада өндүрүш процессинин ар бир баскычында үзгүлтүксүз жана дыкат көзөмөлдөө жүзөгө ашырылат. Бул  чыгарылып жаткан продукциянын сапатынын жогорку деңгээлине жана анын стандарттарга жана коопсуздук ченемдерине толук жооп беришине кепилдик берүүгө мүмкүндүк берет.

“Аршан” жана “Акдан” дан суусундуктарын өндүрүү процесси

1-баскыч. Чийки зат даярдоо.

2-баскыч. Талкан даярдоо.

  • Данды алдын ала тазалоо.
  • Данды кууруу.
  • Куурулган данды кабыгынан тазалоо.
  • Дандан талкан тартуу.

3-баскыч. Жарма даярдоо.

4-баскыч. Ийине жеткирүү:

  • “АРШАН” – сироп (ун+май) жана уютку.
  • “АкДан” – айранды кошуу.

5-баскыч. Куюу жана сактоо.

“Тан”, “Чалап” сүт-кычкыл суусундуктарын өндүрүү процесси

1-баскыч. Сүттү кабыл алуу. Сүт заводго сүт алып келүүчү машиналардан кабыл алынат.

2-баскыч. Суутуу жана сактоо. Топтогучка жеткенге чейин сүт сууткучтан өтүп муздатылат.

3-баскыч. Нормалдаштыруу. Заводго келген сүттүн майлуулугу ар кандай болот, бул процессте ал стандарттык деңгээлге жеткирилет.

4-баскыч. Гомогендештирүү. Май бүртүкчөлөрүн бирдей кичинекей бүртүкчөлөргө ажыратуу. Гомогендештирүү эффекти сүт азыктарынын физикалык түзүмүнө жана касиеттерине оң таасир тийгизет. Бул учурда:

  • май бүртүкчөлөрү майдаланат да, каймактын калкып чыгышына жол бербейт;
  • азыкты жагымдуу көрсөтөт;
  • майдын кычкылданууга каршылыгы жогорулайт;
  • жыты жана даамы жакшырат;
  • азыктын сакталуу мөөнөтү узарат.

5-баскыч. Пастерлөө. Жогорку температура менен иштетүү, бөтөн флораны жок кылат, жытын жана даамын жакшыртат.

6-баскыч. Уютулуучу температурага чейин муздатуу. Пайдалуу флора (чиритүүчү флораны жок кылып, жытын жана даамын жакшыртуучу болгар таякчасы) пайда болот.

7-баскыч. Сүткө уютку куюу жана уютуу. Уюткуну кошуу жана 6–10 саат уютуу.

8-баскыч. Туздуу эритмени кошуу. Рецептке ылайык зарыл сандагы туз кошулат.

9-баскыч. Идишке куюу. ПЭТ бөтөлкөгө 50% сүт-кычкыл аралашма жана 50% артезиан суусу куюлат.

10-баскыч. Таңгактоо, маркалоо, сактоо.